КӨЧҮК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов). Үзөнгүдөн бут тайып, Ээрден көчүк кылтайып («Манас»). 2. Нерсенин түп жагы, арткы бөлүгү, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев). Көчүгү кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырып («Манас»). Кыргы менен кыргылап, Кундагынын көчүгүн Кара ашка ургулап («Манас»).